Түркияда Россиядан барган куткаруучулар урандынын алдынан ичинде 150 миң доллар катылган кострюль табышты. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул тууралуу маалымат таратты. 

Куткаруучулар идиште жалаң 100 долларлык купюрадан турган толтура акча бардыгын айтышкан. Учурда табылган акча жергиликтүү полицияга өткөрүлүп берилди. 

Эске салсак, 6-февралда Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагында 7,8 баллга жеткен жер титирөө эки жолу кайталанган. Мындан улам миңдеген үйлөр кулаган. Урандынын алдынан адамдарды куткаруу үчүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн куткаруучулар Түркияга жөнөтүлгөн. Анын арасында кыргызстандык куткаруучулар дагы бар.