Печать
Категория: Коом
Просмотров: 81

Түркиядагы жер титирөөдө урандылардын астында калып, каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине кечээ, 13-февралда алынып келинди. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди. 

Маалыматка караганда, сөөк Жалал-Абад облусунда жерге берилет. Учурда туугандары алып кетти.

Аталган министрлик Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте табигый кырсыктын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыккан.

Эске салсак, 32 жаштагы кыргызстандык Б.М. Хатай шаарында урандылардын астында каза тапкан. Анын өздүгү туугандары тарабынан аныкталган.