Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата ачылган кылмыш иши ИИМге кошумча тергөө үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалымат каражаттары укук коргоо кызматтарындагы өздүк булактарына таянып жазышууда. 

Анда айтылгандай, мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган. Ошондой эле, Атамбаевдин баш коргоо чарасы дагы өзгөртүлгөн. Маалым болгондой, мурдагы президентке сот өлкө аймагынан чыгууга уруксат берген. Бул анын ден соолугуна байланыштуу болгону айтылууда.