Баткенде 9 тоннадан ашуун көлөмдөгү контрабандалык минералдык жер семирткич аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында минералдык жер семирткич карбамид жана аммиак селитрасы товарлары табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Товардын жалпы салмагы 9 миң 650 кг түзгөн. Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусунада кармалган товардын орточо базар баасы 448 миң 200 сом деп бааланган.
Бул факты боюнча чогултулган материалдар КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралып жатат.