Журналист Манас Осмон соцтармактагы баракчасына Түркиядагы жер титирөөнүн күңгөй-тескейин айтып, биздеги коркунучтарга да конгуроо какты.
"Атактуу сейсмолог Фрэнк Хугербитс Түркиядагы зилзаланы 2 күн мурун эскерткен экен. Бирок, эч ким маани бербегенин түрк ММКларга берген маегинде айтып жатат. Ал эми Жапониялык белгилүү сейсмолог Ёшинори Мориваки Түркияда 2 жыл жашап, коркунуч туудурган аймактарды аныктап чыкканын, ошону менен бирге Мармара аймагында 7.2 баллга жеткен жер титирөө болоорун мындан 2 ай мурда билдириптир. Анын да маегин жарыялашууда. Ал зилзаладан жабыр тартышы мүмкүн болгон шаарларды божомолдоп бергени дүйнө элин таң калтырды.
Эми Нидерландиялык сейсмолог Фрэнк Хугербитс Стамбул үчүн коркунучтуу кабар берип, "даяр туруудан башка арга жок, Стамбулда качан, кайсы саатта жер силкинээрин эч ким билбейт. Бирок, ал ишке ашат"-деди. Түрк илимпозу, профессор Желал Шенгөр болсо, 2000-2050-жылга чейин 7 баллдык жер титирөө катталарын билдирип, ал убакта Стамбулдун абалы оорлошот деген пикирин билдирүүдө.
Кыргызстанда абал кандай? Сапатсыз бүткөрүлгөн курулуштарды аныктаган менен аны буздура алабызбы?
Депутаттар Улуттук илимдер академиясын жана сейсмалогия институтун чакырып, зилзаланын биздеги абалын сурап, көрүлө турган чараларды талкуулап алса болмок. Анткени, бизде да 2022-жылы 2 миңге жакын жер титирөө катталыптыр. Мындай маалыматты Сейсмология институту таратты. Бул эмнеден кабар берет?" - деп жазды Манас Осмон.