Түркиянын Кахраманмараш шаарында жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргызстан тарабынан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигиле баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн куткаруучулардын эки тобу жиберилген. Биринчи кеткен куткаруучулар өздөрү менен кошо 67 боз үй ала кетишсе, экинчисинде 75 боз үй жөнөтүлгөн.  

Ошондой эле, жакында дагы куткаруучулардын тобу барышат, алар боз үй, медициналык буюмдарды жана биринчи зарылчылыктагы буюмдарды ала кетишет. 

6-февралда  Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган жана жер титирөө бир нече сааттан кийин кайра кайталанган.