«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Букуев Кадырбек Джумабекович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору болуп дайындалды.
Тийиштүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
Ал эми буга чейинки аткаруучу директор Мурзабеков Эркебай Рустамович ээлеген кызматынан бошотулду.