Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда жер титирөөдөн кыйрап калган 12 кабаттуу үйдүн эң астынкы кабатынан дагы бир жаранды тирүү алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Буга чейин кош бойлуу аял жана 7 жаштагы бала дагы кыргызстандык куткаруучулар тарабынан табылган.
Эске салсак, Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагында 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.