Жалал-Абад облусунда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 10-февралда КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында колго түшкөн.
Ал Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө «Дженго» деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири - К.С. Кармалган К.С. Ал 1986-жылы туулган, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн.
Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери жүрүп жатат.