Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата иш козголгонун билдирди.

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталды.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("коррупция") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.