Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана анын шериктери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, аларды кармоо иш чарасы УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек. атайын кызмат уюшкан топторго каршы күрөшүн улантууда. 

Маалымдалгандай, кармалган жаран  К.Досоновдун (“Дженго” деген кайманы ат менен белгилүү)  Ош облусунун Өзгөн районундагы уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н.Ж. жана анын шериктери.

О.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган. 

Учурда ал Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.