Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

Маалым болгондой, ЭлТР телеканалы президент Садыр Жапаровдун учурунда энергетика тармагына сырттан бир сом каражат алынбаганы боюнча берүү даярдаган. Ага “Политклиника” медиасы фактчекинг жанрында обзор жасап, “ЭлТРдин айткандары калп”- деген жыйынтыкка келген. Мында “чындык кай тарапта?”- деген суроо туулат.

Чындап эле С.Жапаровдун убагында энергетика системасына бир сом алынбай, ЭлТР ошону чындык катары бердиби? Же “ЭлТР калп айтып атат, С.Жапаров бийликке келгенден кийин да каражат алынууда”- деген “Политклиниканын” айткандары туурабы?

Карап көрсөк, “Политклиника” бул маселе боюнча иликтөө жүргүзгөн эмес. Жөн гана ачык булактардын негизинде фактчекинг жанрында обзор кылышкан. Бирок фактыларды гана айтып, тим болбостон “ЭлТРдин айткандары жалган, акчалар алынып эле жатат”- деген бүтүм чыгарган. Өздөрү айткандай, обзор гана болсо, минтип бир жактуу жыйынтык чыгаруу туурабы?

Обзор - бул иликтөө эмес. Демек, көп маалыматтар суралган, алынган эмес. Ачык маалыматтардан гана алынып атат. Ал эми маалымат булактарына баары эле чыгарыла бербейт. Журналисттик иликтөө кылынганда гана кандайдыр жыйынтык чыгаруу журналистикадагы эреже, этикага туура келмек.

“Политиклиника” өз обзорунда кайсы бир деңгээлде маалыматтык манипуляцияга барып атканын белгилөөгө болот. Анткени, мурдагы президенттердин учурунда макулдашылып, эми С.Жапаровдун убагында алынганы жаткан 466 млн. долларга басым жасоодо. Мурда сүйлөшүлгөн, али алына элек каражатты өлкөнүн бюджетине келип түшкөндөй өңүттө берүү канчалык туура? Бул каражат С.Жапаровдун ордунда башка болсо деле алынмак.

Мындан сырткары, “Политклиника” чакан ГЭСти курууга Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунан 22,9 млн. доллар насыя алуу боюнча сүйлөшүүгө да басым жасап атат. Сөз сырттан алынган каражат, насыялар жөнүндө болуп жатса, Кыргызстан менен Россия биргелешип ачкан, өлкөбүздүн аймагында иш жүргүзгөн фонддон алынчу каражатты да сырттан алынчудай таризде берип, маалыматтык манипуляция жасаганга “Политклиникага” эмне күч келүүдө?

“Политклиниканын” бул маселедеги позициясы да түшүнүксүз болууда. Так маалымат, түшүндүрмө берүү үчүн чакырган жерге барбай коюшту. Кечирим сурагылары жок, сайттан албай тургандыгын билдиришти.

“Политклиниканын” чыныгы максаты айпатса да түшүнүктүү. Себеби, бул медиа мекеме да Кыргызстанда маалыматтык манипуляция менен эл ичине бүлүк салууну көздөгөн “Кактус-медиа”, “Клооп” сыяктуу эле батыштын акырынан жем жеген бирдеме. Океандын ары жагындагы демөөрчүлөрдүн буйрутмасын аткарып, жан багышат. А ал спонсорлордун көксөгөнү бир гана нерсе – Кыргызстан эч качан өнүгүп өспөш керек, тизелеп, аларга жалдырап тура бериш керек...