- 2026-жылдан тартып Кумтөрдөгү уулуу калдыктар сакталган жайды кайра иштетип, алтын алуу пландалып жатыптыр. Бул демилгени колдоого алышыбыз керекпи?
- Кумтөрдү иштеткен канадалыктар башынан эле кыргыз элин алдап, алтын кенинин каймагын калпып алып, анча-мынча чөбөгөсүн бизге калтырып коюп качып кетүүнү көздөп келишкен. Алардын акмакчылыгын көрдүңөр, баягы "ашыңды алайын кадырыңа чычайын" болушуп темир - тезек калдыктарынын баарын биздин жерге көөмп кете беришкен. Бул жеткен бетсиздик.
Албетте, алтын чала иштетилгендиктен, ал калдык сакталуучу жайда көп алтын бар. Аны кайра иштетүү чечими эң туура, биз колдойбуз! Эң негизгиси, бардык технологияларды сактап, ошол калдык сакталып турган дамбаны бузуп албашыбыз керек. Ал калдык сакталуучу жайдын түбүнөн бери калың суу өтпөс материалдар менен жасалган. Негизи, артык кылабыз деп атып экологиябызга зыян келтирип албасак эле болду.