Печать
Категория: Коом
Просмотров: 815

Бүгүн Жогорку Кеңеш "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. 

Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева пенсияны жашоо минимум деңгээлинен ашыруу үчүн мыйзам долбоору кабыл алынышы керек деп эсептейт. 

Ал түшүндүргөнгө караганда, учурда Кыргызстанда 740 миң пенсионер бар. Алардын 60 пайызынын гана пенсиясы жашоо минимумунан өйдө, а калгандары 2 миң - 3 миң сомдон пенсия алышат. 

"Ошондуктан, мыйзам долбоорун кабыл алуу керек. Биз бул мыйзам долбоор менен пенсияны жашоо минимумунан кем эмес деңгээлге чыгарууга баратабыз. Эгер кабыл алынса, 50 миң пенсионердин пенсия жашоо минимумунан ашат", - деди Жуматаева. 

 Депутат Адахан Мадумаров мыйзам долбооруна каршы чыгып, аны 2-окууда кароо пайдасыз экенин белгиледи. 

"Кийинкиге да калтырбагыла, таптакыр эле бул мыйзам долбоорун четке кагуу керек. Пенсия керектөөчү корзинадан төмөн болбошу керек деп айтылат. Кымбатчылык боло электе керектөөчү корзина Жалал-Абадда 6600 сом, Ош облусунда 6300 сом, Бишкекте 6317 сом 40 тыйын, Нарында 6600 сом болгон. Ал убакта эт 44 сом, нан 17 сомдон болчу. Азыр, 2023-жылы баалар эселеп кымбаттап кетти, азыр эт 800 сом, нан 35 сомдон. Бирок керектөө корзинасы ошол көрсөткүчтө калды. Силердин мыйзам долбооруңар жарандарга "пенсияга чыкпай эле ары карап кете бергиле" деген ишараат. Бул мыйзам менен өтө кайгылуу учурга алып келесиңер. Кеч болуп кала электе токтоткула", - деди Мадумаров.