Сот аткаруучуларына жүктөлгөн иш көп. Бирок ошол эле убакта сот аткаруучулары пара берген учурда гана соттун чечимин аткарышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Сот аткаруучуларына өздөрүнүн акыбалы жагат. Мисалы, жаран аларга келип, соттун чечимин берди дейли, а сот аткаруучулар андан бензин жана башка чыгашаларга акча талап кылышат. Акча бербесе, соттун чечимин аткарышпайт. Шылтоолору - "иш көп". "Каалаган жагыңарга барып арыздангыла, кааласаңар Башкы прокуратурага баргыла", - дешет экен. Эгер сен өз пайдаңа ылайык соттун чечимине жетишсең, бул соттон жеңип алдың дегенди билдирбейт, анткени, ал чечимди аткаруу да керек.
Казакстанда жеке сот аткаруучуларынын институту бар, бизге да ошондой нерсе керек", - деди Бекешев.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев депутаттын сунушун карап көрүүнү убадалады. Ошондой эле, сот аткаруучуларына арыздар ага да келип жатканын билдирди.