Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку соттун соттору кымбат баадагы автоунаа сатып алууга акчаны кайдан таап жатышканына кызыкты. 

Айтымында, Жогорку соттун жанынан өтүп баратканда, дайыма кымбат баадагы гана автоунаалар токтоп турганын көрөт. 

"Бүт баары кымбат автоунаалар: BMW X5, BMW X7, Geländewagen, Lexus-570, Toyota-300. Булардын баары кайдан келип жатат? Сиз болсо акча жок дейсиз. Анда бул машинадар асмандан түшүп жатабы? Же Кудай "Сен Жогорку соттун судьясысың, ме сага Lexus-570, айдагын", - дейби? Буга эмне деп жооп бересиз?" - деди депутат Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылып. 

Базарбеков соттордун арасында байлар дагы, катардагы жашоодогулар дагы бардыгын белгиледи. 

"Эмне кыл дейсиз? Туура айтып жатасыз, мен деле бай сотторду көрүп жүрөм. Кээде тамашалап "Вертолет же самолетуңар жокпу?" - деп калам. Кантип байышканын сиз деле билесиз. Акыркы учурда көп соттор, анын ичинде Жогорку соттун дагы соттору иштен кетишти, айрымдарына кылмыш иши козголду. Кыргыз элинин баары: соттор да, депутаттар да, карапайым жарандар дагы байып кетишсе жакшы болбойт беле. Биз бир гана нерсени айта алабыз, эл байып жатабы демек, мамлекет дагы байып баштады", - деди ал. 

"Элдин байышына каршы эмесмин, бирок соттор ашыкча байып жатышат. Камил Осмоналиев деген миллиардер эмеспи. Кайдан акча тапты? Мен түшүнбөйм. Он машинасы, он батири бар экен", - деп таң калды депутат Токторбаев. 

Эске салсак, Камил Осмоналиев судья болуп иштеп жүрүп, көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде VIP-шаарчасынан үй, кымбат баадагы батирлерди, Ысык-Көлдөн коттедждерди сатып алганы белгилүү болгон. Мунун баары анын судья катары тапкан кирешесине ылайык келбестиги аныкталган. Мындан улам ал кыймылсыз мүлктөрүн, киреше жана чыгашаларын декларацияга  киргизип турууга милдеттендирилген. Ошондой эле, айыбын моюнуна алып мамлекетке 70 миллион сом төлөп берди.