Печать
Категория: Коом
Просмотров: 463

Жаз жакындаган сайын кыргыз саясатында адат болуп калгандай  «кетсинизм» синдрому башталат.   Ал башында мандеми барларда эртерээк башталарын да билебиз. Ар бир президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, эл үчүн эмне иш кылганы белгисиз Назарбек Нышанов деген бар. Кээде уйкудан чочуп ойгонгонсуп, провакациялык билдирүүлөрдү таркатып, бийликти сынга алып калмайы бар. Мына ошол адам социалдык тармактар аркылуу бийликти күч менен басып алууга ачык чакырып жасап, антиконституциялык кадамдарга барууга башкаларды үндөгөнү үчүн УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Жогоруда башында мандеми бар деп жөн айткан жокпуз. Ойду, тоону балп этип сүйлөп коймою бар бул адам айткан сөзүнө, кебине, жүрүм-турумун отчет бербеген адам. Өзүнүн туугандары добуш бербесе да, президенттик шайлоодо талапкерлигин койгондон жадабай келет. Эл, коомчулук аны олуттуу активист, саясатчы  катары кабыл албайт. Айтылуу Арстан Алайдын бир варианты. 2007-жылы ондогон жарандардын акчасын алып, алдамчылык беренеси менен иш козголуп, издөөгө да алынган жайы бар. Бул өңүттөн алганда, анын социалдык тармактардагы билдирүүсүнө башкалар ээрчип, колдобойт деле. Бирок бийликти күч  менен басып алууга чакырык жасоонун өзү оор  кылмыш.  Ар ким күн жылыганда, же зериккенде бийликти басып алууга чакырык жасай бергидей мамлекет, эл оюнчук эмес. Андай иш-аракеттерге мыйзам чегинде жоопкерчилик каралышы керек! 

Мында бир жагдайды да унутпайлы. Назарбек Нышановдун артында кандайдыр саясий күчтөр, топтор турушу  да ыктымал. Анын колу менен чагымчыл аракеттерди көрүшүп, бийликтин реакциясын, элдин кабыл алуусун байкоо менен антиконституциялык иш-аракеттерге тымызын  даярдыктар болушу мүмкүн  экенин  жокко  чыгарууга да болбойт. Андыктан УКМК Назарбек Нышановду суракка алып, анын жүрүшүндө башкалардын «кулактары» көрүнсө, аларга да чаралар көрүлсүн!