Печать
Категория: Коом
Просмотров: 54

"Манас" бажысынын кызматкерлери тарабынан бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, А.С. ЖЧКнын дарегине ИЛ-76ТД аба кемеси товары ташылып келинген жана убактылуу ташып келүүнүн (кирүүнүн) бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, ташып келүү мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 221-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бажы органы тарабынан белгиленген убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосун колдонуу мөөнөтү жактын арызы боюнча бул мөөнөт аяктаганга чейин же бул бажы жол-жобосун колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин 1 айдан кечиктирбестен узартылышы мүмкүн.

Бирок бүгүнкү күндө А.С. ЖЧК тарабынан убактылуу ташып келүүнүн бажы жол-жобосунун мөөнөтү узартылган эмес жана башка бажы процедурасы тандалган эмес. Ошентип, бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 002 433 сомду түздү.

Бул факты каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.