КР Финансы министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында бир күндүк эмгек акысын которушту. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. 

Эске салсак, КР президентинин администрация жетекчилери жана кызматкерлери дагы бир күндүк маянасын которушкан. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков да парламенттештерине бир күндүк маяналарын которууну сунуштады. 

Түркиядагы жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар төмөнкү эсептерге каражат которо алышат:

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;

Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө.

Маалымат үчүн номерлер:

- ӨКМ —112;

- КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору — (0312) 662292.