Печать
Категория: Коом
Просмотров: 861

Жогорку Кеңештин жыйынында Нуржигит Кадырбеков Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга боз үй жөнөтүүнү сунуштады. 

"Кыргызстандын башына түшкөн оор күндөрдө Түркиянын бийлиги кол сунган. Эми алар оор күндү өткөрүп жатышат. Жер титирөө Түркиянын ондогон аймагында болду, расмий маалыматтарда эле 5 миң адам каза тапканы айтылып жатат. Сыртта кыш, кырсыктан үй-жайынан айрылган адамдар көчөдө түнөп жатышат. 1999-жылы Стамбулда жер титирөө болгондо Кыргызстан боз үй жөнөткөн. Азыр өтө керектүү буюм боз үй. Биздин меценаттар бул боюнча жардам беришсе керек", - деди Кадырбеков. 

Ошондой эле, ал депутаттарга айлык маянанын белгилүү бөлүгүн Түркиядагы жабыркагандарга жардам иретинде которууну сунуштады.