Печать
Категория: Коом
Просмотров: 227

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медербек Алиев Бишкектеги жаңы курулган үйлөрдү текшерүүнү сунуштады. Ал белгилегендей, акыркы жылдарда жаңы курулган үйлөр Бишкек жана Ош шаарларында жаандан кийинки козу карындардай эле жайнап кетти. 

"Алар уруксат берилген дагы, берилбеген дагы жерлерде курулуп жатат. Сапаты кандай экенин ким билет? Коопсуздук нормаларына жооп беришеби? Кудай сактасын, кокус жер титирөө болсо, канча баллга туруштук беришет?" - деген депутат ар бир үйдү текшерүү үчүн тез арада комиссия түзүүнү сунуштады. Айтымында, ал комиссияга Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнөн башка дагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы кириши керек. Жыйынтыгын коомчулукка чыгаруу зарыл. 

Депутат Марлен Маматалиев бул сунушту колдоду. 

"Бишкектеги Түштүк Магистралынын жогору жагында Түркиянын үлгүсүндөгү микрорайондор курулуп жатат. Алар каркас үйлөр. Мен курулуштун аныкталган технологиясы барбы деп сурасам, архитектурадан арматуранын санын гана көбөйтүшкөнүн айтышты. Ким долбоорду текшерип, бекитет өзү?" - деди депутат.