Бийликти күч менен басып алуу боюнча коомчулукка кайрылуусу үчүн жарандык активист кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жарандын кайрылуусунда бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруунун белгилеринин бар экендиги соттук-лингвистикалык экспертиза аркылуу далилденген. Буга байланыштуу 6-февралда КР жараны Н.Н.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
КР УКМК жарандарды социалдык тармактарда араздашууну тутандырууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.