Жалал-Абад облусунун Базар - Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы иш чара жүргүзгөң. Жыйынтыгында, Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т.И. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. акча алып жатканда кармалды.

"Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксат берүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалгандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын Башкы башкармалыгы тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.