Печать
Категория: Коом
Просмотров: 82

Кыргызстанда бир жумада, 30-январдан 5-февралга чейин, COVID-19дун 7 жаңы учуру аныкталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Алардын ичинен беш бейтап ооруканага жаткырылган.

30.01.2023-ж. – 05.02.2023-ж. аралыгында тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылы жана 2023-жылдын 36 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 851 учуру катталды, анын ичинен 19 840 (90,7%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2011и (9,3%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.