Бүгүн, 6-февралда таңга маал Түркия жана Сириянын аймагында жер титирегени белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда жер титирөөнүн күчү очогунда 7,8 баллга жеткен. 

Кыргызстандын ТИМи тараткан маалыматтар боюна Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. 

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Сирияда табигый кырсыктан 237 адам каза болуп, 639 адам жабыркаганын жазып жатышат. Ал эми Түркияда 76 адам каза болсо, 440 адам жабыркаган.