Печать
Категория: Коом
Просмотров: 339

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү жарандан 120 миң талап кылып, аны алып жатканда  УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы тарабынан кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда,  К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Р.Б. Жалал-Абад шаарынын тургунун ур-токмокко алаарын айтып, коркутуп,  кысым көрсөтүп,  2 миллион 900 миң сомду моюнуна илип койгон. Башкача айтканда, жаран бул сумманы А.Р.Б.га төлөп берүүгө милдеттенген. 

Факты боюнча облустун башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("Опузалап талап кылуу") боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. 

Учурда кармалган жаранга Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Жалал-Абад областтык тергөө камак жайына 2023-жылдын 12-мартына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган. 

"УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы аракеттенүүнү улантууда.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облусунун тургундарын уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча байланышууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.