Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү жарандан 120 миң талап кылып, аны алып жатканда УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы тарабынан кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Р.Б. Жалал-Абад шаарынын тургунун ур-токмокко алаарын айтып, коркутуп, кысым көрсөтүп, 2 миллион 900 миң сомду моюнуна илип койгон. Башкача айтканда, жаран бул сумманы А.Р.Б.га төлөп берүүгө милдеттенген.
Факты боюнча облустун башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("Опузалап талап кылуу") боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда кармалган жаранга Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Жалал-Абад областтык тергөө камак жайына 2023-жылдын 12-мартына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.
"УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы аракеттенүүнү улантууда.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облусунун тургундарын уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча байланышууга жана билдирүүгө чакырат.
Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.