Печать
Категория: Коом
Просмотров: 250

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шаардык кеңештин депутаттарына ичүүчү сууга болгон тарифти көтөрүүнүн жолун сунуштады. 

Эске салсак, 1-февралдан тартып Бишкекте сууга болгон тариф көтөрүлөөрү чечилген. 

Бекешевдин айтымында, тарифти көтөрүү аргасыздыктан кабыл алынган чара, анткени, суу электр энергиясы менен иштеген насос станциялары аркылуу чыгарылат, электр энергияга болгон тариф көтөрүлсө, сууга дагы көтөрүлүүгө тийиш. Бишкексууканалында дагы кредиттер бар. 

Ошондуктан, депутат шаардык кеңештин депутаттарына мындай сунуш киргизди:

"Кадимки колдонуучулардан сууну автоунаа, килем жууганга колдонгондорду бөлүп, аларга тарифти көбүрөө кылуу керек. Тарифти киргизүүнү 1-февралдан эмес 1-апрелден баштоо зарыл. Тарифти тоголоктоо, мисалы, 10,45 сомдон 10 сомго түшүрүү кажет", - деди депутат. 

Айтымында, тарифти тоголоктоо өз алдынча эсептеп чыгууну жеңилдетет. 

"Бишкексууканалга тыйын менен ойноо пайдалуу. Биз аны байкабайбыз. Бишкексууканалда шаардыктардын билбестигин кыянаттык менен пайдаланууга жана андан акча иштеп табууга толтура мүмкүнчүлүгү бар. Анын үстүнө "акылдуу" эмес, механикалык эсептегичтер коюлган. Бул шаардыктарды ай сайын көрсөткүчтү айтып турууга милдеттендирет, болбосо ай сайын абийирдүүлүк менен квитанцияда келген сумманы төлөп жүрсөңүз дагы, ашыкча лимит үчүн кошумча акы алынат. Ага дагы бир кошумча - айыппул дагы төлөтөт", - деди Бекешев.