Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде күмүш медалга татыктуу болгонун Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайты жарыялады.
Анда айтылган маалыматка караганда, мелдеш Загреб шаарында 1-5-февралда болуп өткөн. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы 76 кг салмак категориясында күч сынашкан.
Медет кызы индиялык спортчу менен беттешип, жеңип алган. Андан кийин, чейрек финалда Канадан келген спортчу беттешкен дагы, мында да жеңиш кыргызстандык спортчуга оогон. Жарым финалда болсо кытайлык спортчу менен бет келишип, жеңген. Бирок финалда америкалык спортчуга 2:4 эсебинде жеңилип калган.