"Коррупцияга каршы элдик кыймыл" коомдук бирикмесинин директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш чараларды жүргүзүүнү улантууда. Мекеменин маалыматына караганда, аталган бирикменин директору коррупцияга байланыштуу, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын негизинде кармалган. 

«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору К.А.С. 61 жашта. Ал Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын К.А.Ш. аттуу башчысынан финансылык ишмердигин текшерүүнү токтотуп берем деп акча талап кылган. Директор бул текшерүүнү "менин демилгем менен болуп жатат" деп белгилеген. 

"Буга чейин К.А.С. аталган коомдук бирикменин статусунан пайдаланып, укук коргоо органдарындагы байланышы бар экенин айтып жашырынып, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө мезгил-мезгили менен суралып турган маалыматтарды жана мамлекеттик мекемелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктырган башка маалыматтарды сурап турган. Талаптарын аткаруудан баш тартышса, алардын ишин текшерем деп коркутуп, прокуратурага жана Эсептөө палатасына арыз менен кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн.

Мындан тышкары, ал подрядчыларга кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүсүн убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10% талап кылган. Эгер баш тартса, ал ошондой эле алардын уюмун текшерүүгө аракет кылам деп коркуткан.

К.А.С.дын бул аракеттери мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле жеке уюмдардын жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан.

Азыркы учурда К.А.С. КР УКМКнын тергөө камак жайына  киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.