3-февралда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандан коңшу республикага минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүү иштерине бөгөт коюшту. Бул контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында болгонун атайын кызматтан белгилешти. 

Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 30 кап “аммиак селитрасы” минералдык жер семирткич жана 163 кап “карбамид” менен кармалды. Аталган товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок чыгарылып турган.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен кармалган унаа жооптуу сактоочу жайга коюлуп, жүк Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди.