Талас облусунда жашырылган курал-жарактар табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын негизинде, ок атуучу куралдар жана жаржыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды.
2-февралда Кара-Буура районунун Казакстан Республикасы менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай табылган. Андан (РГД-5) жардыруучу зат жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги жылмакай мылтык чыккан.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.