Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1223

"Спутник" маалымат агенттигинин журналисти Эламан Карымшаков Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча иликтөө жасаган. Анда басым Президенттин иш башкармалыгынын Каныбек Туманбаевге коюлуп, Тажикстандын кол салуусунда өрттөнгөн үйлөрдү калыбына келтирүүнүн кечеңдеп жатканын Туманбаевдин жеке кызыкчылыгына байланыштырган. Башкача айтканда, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Аманат курулуш инвест" компаниясынын артында Каныбек Туманбаев тураарын, анын негизде үйлөрдү куруу кечеңдеп жатканын билдирген. 

Иликтөө жарыкка чыккандан кийин президенттин басма сөз кызматы тез арада реакция жасап, Эламан Карымшаковду Баткендеги курулуп жаткан үйлөрдү, жасалып жаткан иштерди өз көзү менен көрүп келүүсүнө шарт түзгөн. Жыйынтыгында, "Спутниктин" шеф-редактору Еркин Алымбеков туура эмес маалымат таратышканы үчүн кечирим сурады. 

 "Биз иликтөөбүздөгү маалыматтар туура эместигине көзүбүз жетти. Бирок бул иликтөөнүн чыкканы да жакшы болду. Эгер ал чыкпаса, тийиштүү тараптар реакция жасап, бизди Баткендеги курулуш менен жакындан таанышууга алып барбаса, көп нерсени билбей калмакпыз. Каныбек Туманбаев баарын тереңден түшүндүрүп берди. Мен абдан кубанычтамын, биздин өлкөдө Туманбаевдей, "Аманат курулуш инвесттин" жетекчисиндей эл уулдары бар экен. Алар мамлекетке зыян келтирбей, тескерисинче өз каражаттарын курулушка салып жатышат. Булар элдин татыктуу уулдары.

Эламандын атынан мен агенттиктин шеф-редактору катары туура эмес маалымат таратып, аларга ыңгайсыздык жаратканыбыз үчүн кечирим сурайм", - деди.