4-мартта мамлекеттик жана маданият кызматкерлери арасында көк бөрү боюнча достук турнири өтөөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Анда айтылгандай, мелдешке профессионал улакчылар катыша албайт. Ал эми мамлекеттик жана маданият кызматкерлеринин арасынан каалоочулардын баарына эшик ачык.
Ошондо, 3-мартта чүчү кулак кармалат. Катышуу үчүн командаларды каттоо Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында, 1-мартта болот. Каттоо 1-март күнү саат 17:00дө аяктайт.
Байланыш номерлери: 0551 777 111 (Урмат Мусаев), 0707 998999 (Аскар Бегалиев).