Печать
Категория: Коом
Просмотров: 82

Душанбе-Үрүмчү багытындагы аба каттамын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонууга кыргыз тарап азырынча уруксат бере элек. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз катчысы Ирина Больбот билдирди.

“Сомон Эйр” авиакомпаниясынын жетекчиси Абдулкосим Валиев аба каттамы 8-февралда иштей баштай турганын билдирген болчу.

Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Дилшод Сафарзода бул каттамды аткарууда Кыргызстандын аба мейкиндиги колдонуларын белгилеген.

Кыргызстандын Жарандык авиация кызматынын басма сөз катчысы тажик тарап 8-февралдан 21-мартка чейин аба мейкиндигин колдонууну сураганын, азырынча уруксат бериле электигин, маселе каралып жатканын маалымдады.