Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Баткенде Тажикстандын кол салуусунда өрттөнгөн үйлөрдүн курулушу боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады:

- Баткендеги өрттөлгөн үйлөрдү кайра тургузуу иштерин көрүп, куруучуларга таазим этким келди! Албетте, кичине чоюлуп кеткендир мөөнөтү боюнча, бирок ошончо үйдү бир убакта баштап, бир убакта ошончо стройматериалдарды жеткизип, ошончо куруучуну жумушка тартыш оңой эмес, туугандар! Калыс бололу!

Таңгөрү, бир нерсеге кыжырым келет да: ошол үйлөрдү өз колдору менен атайын, системдүү, үймө үй кыдырып, тоноп- талап, анан от жаккан тажик аскер-наадандарга Кудай өзү жеткирсин! Бул согуш эмес, бул мародерство, жырткычтык, жапайчылык! Согушту да "татыктуу, эркекче,достойно" алып барыш керек да, наадандар! Ошол үйлөрдө жаш балдар, аялдар, кары-картаңдар жашаарын билип туруп, сендей эле жупуну оокатын алып барып жүргөн айылдык эле, сендей эле мусулман кошунаң жашаарын көрүп туруп, кантип ошол ишке бардың экен, күспырыш? Эртең эле кыргыз кошунаңдын жүзүн кантип карайм деп ойлодуң бекен?

Сөз жок.... Биримдиктүү бололу, туугандар! Сыноолор али бүтө элек! Армияны күчтөйлү: эгемендикке жетиш кыйын эмес, аны коргоп алуу, аны жоготпоо, өнүктүрүү-өстүрүү кыйын!

Жараткан өзү колдосун Кыргызстаныбызды!