Печать
Категория: Коом
Просмотров: 386

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Жарнама тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Спикер Нурланбек Шакиев жарнамалар орус жана англис тилинде илингенин айтып, мамлекеттик кызматтардын ишин сынга алды. 

"Чиновниктер өз ишин так аткарышса, шаар мынчалык жүдөмүш көрүнбөйт эле. Көчөлөрдөн басып көргүлө, чоң көчөлөрдөнбү, чакан көчөлөрдөнбү, кыргыз тилинде бир дагы жарнама көрө албайсыңар. 99 пайызы орус же англис тилинде. Уят эмеспи! Сиздерге арызданып кайрылгыча эч иш кылбайсыңарбы. Эмнеге өзүңөр эле билип алмаштырып же алып салбайсыңар? Патриоттук сезим жок! Анан бул жерге келип алып жомок айтасыңар. Иштеп жатсаңар, шаар башкача көрүнөт болчу. Чүй, Манас, Айтматов проспектилери менен басып көргүлө. Кайсы шаарда, кайсы өлкөдө жүргөнүңөрдү, бул Кыргызстандын борбору Бишкекпи же башкабы - билбей каласыңар! Кыргыз тилинде жарнама жок. Негизи биринчи кыргыз тилинде чоң тамгалар менен жазылышы керек болчу. Англисче, орусчаны мага демектен башына кийип алышсын. Көзүңөрдү ачып, иштеп баштагыла. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына карап үйлөрдү жана тосмолорду сүрдүрүп салышты гана билесиңер. Уялышыңар керек", - деди Нурлан Шакиев Экономика жана коммерия, Маданият министрликтеринин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнө кайрылып.