Баткен облусунун тургуну 2 жашка чыга элек кызын сабап, аны видеого тартып, мурунку жарандык никедеги күйөөсүнө жөнөткөн окуя коомчулукта талкууга алынууда. Укук коргоо кызматтары күйөөсүнүн жазган арызынын негизинде аялды бир айга камакка алышты. Ал эми үч баласы убактылуу балдар үйүнө жайгаштырылды. Айрымдар аялды жактаса, кээ бирлери терс пикир айтууга өттү.
Журналист Кудурет Тайчабаров аялдын таламын талашты. Ал "балдарын таштаган бир да аялды көрө элекмин, жоопкерчиликтин баары эркектерде" дейт.
"Бул окуядан чоң сабак алып, мыйзамдарды өзгөртүшүбүз керек. Аял киши өз үйүн таштап башка бирөөгө бүлөө болуп, ага балдарды төрөп берип, ден-соолугунан ажырап, чырайы кеткенде балдарын таштап ажырашып башкага кетип калган эркектерди мыйзам менен жоопкерчиликке алып келиш керек! Аял байкуш таштап кеткен эшекти эстеп ачууланып, ансыз нерв болуп атып, анан ошол эшектен төрөлгөн балдарды көргөндө өзүн жоготуп коюп сабап жатат аргасы жогунан, ызасынан. Өз баласын сабаганы үчүн камай берсек, кыргызда балдар үйү толуп, түрмөнүн баары ата-энелерге толуп калат.
Мыйзамды өзгөртүп, ажырашып же балдарын бакпай кеткен эркек ар бир баланын башына бир миллион сомдон төлөп ажыраша турган кылыш керек. Төлөй албаса эркекти камаш керек. Ушул убакка чейин балдарыг таштап кеткен аялдар жөнүндө уга элекмин. Жоопкерчиликтин баары эркектерде. Депутаттар бийликтен коркуп пахта коюп отурганыңарды түшүнөм, бирок, мындай аярлуу катмарды коргогон мыйзамды сунуш кылсаңар эчкимге жаман көрүнбөйсүңөр!
Бул аялдын окуясы чоң өзгөрүүлөргө бара турган коңгуроо болуш керек!
Менин сунушумду эске алып, мыйзамдарды өзгөртүүнү депутттардан суранам, талап кылам!" - деп жазды Тайчабаров.