Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева эки жашка чыга элек кызын сабаган аялдын таламын талашты. Ал аялды түрмөгө отургузуу чечимин акыйкатсыздык деп белгиледи. Ал эми ата депутаттын пикиринде, өз баласын карабаган күкүк.
"Киши "кызымды энеси сабады" деп арыз жазып, анын негизинде аялды бир айга камакка алышты. Азыр негизи эле мындай күкүк-аталар көбөйдү. Мыйзамга каршы келгенине карабай бир нече аял алышат, анан аларды балдар менен жалгыз калтырышат. А биз болсо ушундай күкүк-аталардын укугун бийик коебуз", - деди Камила Талиева.
Эске салсак, Баткен облусунун тургуну эки жашка чыкпаган кызын сабап, видеого тартып, аны мурунку күйөөсүнө жиберген. Күйөөсү видеону интернетке чыгарган жана милицияга аялдын үстүнөн арыз жазган. Жыйынтыгында, аял бир айга камакка алынды, ал эми үч баласы балдар үйүнө жеткирилди.