Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов бейөкмөт уюмдарга байланыштуу маселени көтөрдү.
"Жаштарга терс таасир берүүчү уюмдар бар. Алар Батыштын баалуулугун өлкөгө сиңирүүгө аракеттенип келишет. Анысы менен өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч жаратышууда. Ал турмак биздин душмандарды колдогон учурлары да болду. Бул маселеге чекит кое турган убак келди. Азыр батыштык саясатты жүргүзүп, жаштардын психологиясын буруп жатышат. Ошондуктан НПОлорду текшерүү боюнча мыйзам долбоорун тезирээк кабыл алуу керек", - деди Атазов.
Эске салсак, бейөкмөт уюмдардын маселеси Кыргызстанда курч бойдон турат. Алардын айрымдары өлкө саясатына түздөн түз кийлигишип, ар бир маселеден чуу чыгарууга аракеттенишет. Мындан улам "Бейөкмөт уюмдар тууралуу" мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Эгер мыйзам кабыл алынса бейөкмөт уюмдары мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүн, каржы булактары ачыкка чыгат. Ошондуктан, бейөкмөтчүлөр буга каршы чыгышууда.