Депутат Шайлообек Атазов кечээ, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында TikTok социалдык тармагын жабууну талап кылган. Ал аталган тармактан жаштар тескери тарбияланып жатканын айткан. 

Депутатка жооп иретинде КР Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды. 

"TikTok бул Фейсбук, Инстаграмга окшогон эле тиркеме. Жакшы жагынан колдонуп, сабак өтүп, ыр окуп, ырдап, диний сабат жоюп аткандар абдан көп. Ооба, акылдуу тиркеме, эмнени көп көрсөң, ошого окшош маалыматтар көрүнө баштайт. Жаман негатив көргүң келсе алар дагы уламдан улам чыга баштайт. Жашоодогудай эле, эмнени издесең, ошону табасың.

Андыктан кеп - тиркемеде эмес, биздин башыбызда.

P. S. Жабабыз десеңер анда жалпы Интернетти жапкыла. Анткени, «жаман» нерсени ар бир тиркемеден тапса болот", - деп жазды ырчы.