УКМК тарабынан «Керемет Банк» ААКтын жооптуу кызматкерлеринин, Улуттук банктын кызмат адамдарынын жана башка адамдардын ишмердигинде мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген коррупциялык көрүнүштөр аныкталган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Мунун баары УКМК банк тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин натыйжасынан болду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилигинин, «Керемет Банк» ААКнын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталган. Ошондой эле «Керемет Банк» ААКнын (мурдагы «Росинбанк») 8 миллиард сомдон ашык каражатты мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз инвестиция салууга колдонгон. Бирок иш жүзүндө бул пайдасыз болгон дагы, мамлекетке 4,5 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.
"Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада иш боюнча алынган далилдерди эске алуу менен көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы куратору, КР Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү Ж.Т. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле кылмыш жасоого катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары активдүү уланып, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.
Тергөө иштери уланууда", - деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.