Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишмердүүлүгүнө карата калк арасында нааразычылыктар көп болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. 

"Акыркы учурда коомчулукта АРИСтин ишмердүүлүгүнө карата нааразы пикирлер көп айтылып жатат. Ошондуктан, акыркы беш жылдагы аткарган иштери боюнча тийиштүү адистерди чакырып, маалымат алалы", - деп сунуштады депутат.