Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Кыргызстанда ирригациялык сууга коюлган тариф кайра кароого муктаж. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев тегерек столдун жүрүшүндө билдирди. 

Айтымында, ирригациялык сууга тариф 1996-жылдан бери өзгөрө элек. Ошондуктан, реформа жасоо керек. 

"Эл да, жетекчилик дагы биздин системаны тартипке келтирүүнү талап кылышууда. Эч кандай натыйжасы жок системаларды мамлекеттин балансына алабыз. Менимче, биздин ишибиз жемишин берет.

Биздин кызматтын максаты - каражат табуу жана ирригациялык системаны оңдоодон өткөрүү. Мен сууга тариф бир куб.метрге 3 тыйындан деген чындыкка дал келбей турганын айткым келет. Биз аны көтөрөлү деген жокпуз, айыл өкмөттөрү менен иштешели деп атабыз. Ар башка айыл өкмөттөрүндө тариф ар түрдүү: биринчи 1 куб.метр сууга 3 тыйындан төлөнсө, биринде он тыйын. Биз ошолорду жалпы такталган тарифке келтирели дейбиз", - деди ал.