Бишкекте автобус айдоочуларынын арасында Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан рейд жүрдү.
Анда айдоочулардын жүрүм-турумуна, жол эрежелерин сактоого, автобустардын техникалык абалына өзгөчө көңүл бурулду. Кабинадагы отургучтардын жана кармагычтардын абалы дагы текшерилди.
Жыйынтыгында жол эрежелерин сактабаган, эреже бузган автобус айдоочуларына чара көрүлөрү эскертилди.
