Бишкекте автобус айдоочуларынын арасында Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан рейд жүрдү. 

Анда  айдоочулардын жүрүм-турумуна, жол эрежелерин сактоого, автобустардын техникалык абалына өзгөчө көңүл бурулду. Кабинадагы отургучтардын жана кармагычтардын абалы дагы текшерилди.

Жыйынтыгында жол эрежелерин сактабаган, эреже бузган автобус айдоочуларына чара көрүлөрү эскертилди.