Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

КР  Кылмыш-жаза кодексинин 345 - беренеси ("Пара берүү") боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү системасында катталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 31-январда атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 350 000 сом акча каражатын которуп жаткан учурда Аламүдүн РЭТинин  башкы инженери Т.М.З. кармалды.

Ал Аламүдүн райондук электр тармактарынын башчысы кызматына дайындалуу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.