Депутат Арсланбек Малиев дагы бир жолу иштөөгө шарт жетишсиздигин айтып кейиди. Жогорку Кеңештин жыйынында ал спикер Нурлан Шакиевдин компьютерин алганын айтып, бул үчүн спикерге ыраазычылыгын билдирди.
Аны менен катар нааразычылыгын да айтты.
"Ооба, компьютер алып иштеп баштадым. Бирок дагы деле түзүгүрөөк шарт жок. Принтер, көчүрүүчү машина жок. Сизге кайрылганымдан бери эки ай, депутат болгонубуздан бери бир жыл болду. Бирок маселе дагы деле чечиле элек. Сизге муну угуу жагымсыз болсо керек, ошондо деле айтайын", - деди Малиев Шакиевге кайрылып.
Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында кабинети жоктугун айтып, Шакиевге арызданган. Ал ушул убакка чейин өзүнүн офисинде иштеп жатканын жана эгер спикер кабинет маселесин чечип берсе, анда аны колдой турганын да билдирген.