Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында TikTokту жабууну талап кылды. 

"Кечинде көрдүңүздөр TikTokтогу жаман нерселерди көрсөтүп, жаш муундарды жаман жакка буруп жатат. Маданият министрлигине тапшырма берип, ушул боюнча иш алып барбайсыздарбы. Уят го, үй-бүлө менен кантип көрүп жатышат. Улуттук баалуулук, улуттук саясат болушу керек да, аны караган тармак эмне кылып жатат? Башка өлкөлөрдө бул соцтармакка тыюу салынган, Өзбекстанда, Казакстанда жок", - деди Атазов президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абышевге кайрылып.