Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстандын жараны Россиянын түрмөсүндө отурган жеринен Украинадагы согушка кантип катышып калганын мамлекеттик кызматтар иликтөөсү керектигин айтты. 

Ал белгилегендей, кыргызстандык Аян Алишеров Россияда "акча талап кылуу", "адам уурдоо" беренелери соттолуп, түрмөдө отурганына 3 жыл болгон. Анан эле анын сөөгү Украинадагы согуштан өлдү деп келген. 

"Сөөгүн Лугансктан алып келишти. Ага орден беришиптир. Кантип Россиянын түрмөсүндө отурган жараныбыз Россия менен Украинанын ортосундагы согушка катышып алды? Биздин мамлекеттик органдар жана консулдук ал кантип ал жакка барды, өз каалоосу мененби же мажбурлаштыбы - аныкташы керек. Биздин жарандар бул конфликтке аралашпашы керек", - деди Абдалиев. 

Эске салсак, Аян Алишеров Кочкор-Ата шаарынын тургуну болгон. Отуз жашында курман болду.